super.kg logo

Эмгек министрлиги менен "Аялдардын кеңеши" бирикмеси кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "Аялдардын кеңеши" коомдук бирикмеси кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган документ өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктайт. Атап айтканда балдардын, аялдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, коомдук-саясий турмушта аялдардын ролун, статусун жогорулатуу.

Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, "Аялдар Кеңеши" бирикмесинин төрагасы Айнуру Алтыбаева, "Аялдар Кеңеши" бирикмесинин тең төрагасы Менди Мамазирова, "Аялдар Кеңеши" бирикмесинин төрагасынын орун басарлары Дарика Картанбаева жана балдар жазуучусу Жылдыз Акаева катышты.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мамлекеттин башкы милдеттеринин бири ата-энелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү, үй-бүлөнүн бүтүндүгүнө кам көрүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: