super.kg logo

"Кыргыз күүсү жаңырып...". Германияда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди (фото)

 

Германияда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналган кыргыз маданий кечелери болуп өттү. Аталган иш-чара Кыргыз-Герман маданий коому жана "BIZ e.V" коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Маалыматка ылайык, Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев кыргыз элин жана кеченин бардык конокторун келе жаткан улуттук майрамы менен куттуктап, чет мамлекеттерде жашаган мекендештер үчүн кыргыз маданиятын тартуулаган мындай кечелердин ролун жана маанисин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттигинин консулу Чубак Оморов да Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Бул салтанаттуу иш-чараларда "Ибарат" фольклордук-этнографиялык ансамбль өнөрлөрүн тартуулап, меймандарга кыргыздын залкар музыканттарынын чыгармачылыгы жана элдик чыгармачылык дүйнөсүнө кызыктуу саякат тартуулады. Кеченин жүрүшүндө кыргыздын музыкалык аспаптары тууралуу да кеңири маалымат берилди.

Концерттик программадан кийин кеченин конокторунун ортосунда таанышуу жана пикир алмашуу болуп, аларга улуттук тамактар тартууланды. Кечеге чакырылган ардактуу коноктордун арасында жергиликтүү администрациянын, парламенттин, дипломатиялык корпустун жана башка диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: