super.kg logo

Сүйүнчү! Муфтият жаңы, заманбап имараттуу болот

 

Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан "Имам Сарахси" атындагы борбордук мечиттин жанына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имараты курулат.

Бүгүн, 30-августта курулуштун пайдубалына капсула салуу аземине муфтий Замир кары Ракиев, “Исмаил-Ата” фондунун жетекчиси Раим Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, аалымдар, дин кызматкерлери, жарандык коомдун жигердүү жарандары катышты.

Муфтият буга чейин ижарага алынган имаратта отуруп келген. Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, келаткан жылы муфтият жаңы имараттуу болот деген пландар бар. Имаратта муфтийдин, аалымдар кеңешинин кеңселери, отурум өткөрчү залдар, окуу залдар, китепканалар жайгашмакчы.

Муфтияттын келечектеги имараты Түркиянын, Араб мамлекеттеринин муфтияттарынан кем калышпаган заманбап курулуш болору айтылат. Анткени демөөрчү Раим Матраимов өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районуна бир эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй Фергана чөлкөмүндөгү эң кооз мечит-медресе салгандыгы менен белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: