super.kg logo

Эдил Байсалов БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аймактык директору менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия-Тынч океан аймагы боюнча аймактык директору Жон Эйлифф менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселеси талкууланган.

"2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында БУУ дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк стратегиялык планы ийгиликтүү ишке ашырылууда жана өз максаттарына жетүүдө. Ушул жылы ишке ашыруу мөөнөттөрү аяктайт жана биз сиздер менен биргеликте 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда БУУ ДАП өлкөлүк стратегиялык планын иштелип чыккандыгына кубанычтабыз", - деген Эдил Байсалов.

Тараптар биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирди, атап айтканда жаңы өлкөлүк стратегиялык планды иштеп чыгуу жана ага кол коюу зарылдыгы тууралуу макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: