super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-август: Мындан 25 жыл мурун автокырсыктан ханбийке Диана каза болгон

 

Мындан 25 жыл мурда Уэльстин тактысына мураскер, ханбийке Диана 36 жашында автокырсыктан каза болгон.

Ханбийке Диана 1961-жылы 1-июлда Англияда граф Олтер Спенсердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Толук аты-жөнү Диана Френсис Спенсер. Англиянын 21-ханзаадасы Чарльз менен 1981-жылы 29-июлда баш кошушкан. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильем, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашкан.

Ал эми 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана Френсис Спенсер жана анын досу, ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз автокырсыкка кабылып, өмүр менен кош айтышат.
1997-жылдын 6-сентябрында акыркы сапарга узатуу салтанатын түз эфир аркылуу көргөндөрдүн дүйнө боюнча саны 2 жарым миллиард адамды түзгөн. 36 жашында көз жумган Диананын сөөгү Нортхэмптонширге коюлган.
31-августка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: