Бишкекте жаңы стадион курула турган жерге тосмолор орнотулууда (фото)



Бишкек шаарында курула турган жаңы стадиондун курулушу үчүн даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда тосмо жана жер үстүндөгү конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле долбоорлонуп жаткан футбол стадионун куруунун варианттарын, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу менен карап чыгуу процесси жүрүп жатат.
"Мамкурулуш жаңы футболдук стадион курула турган жерде даярдык иштерин баштады. Пландалган футболдук стадиондун долбоору эл аралык талаптарга жооп бериши керек", - деп белгилеген мамлекеттик агенттиктин директору Нуртазин Жетыбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.