super.kg logo

"Форма кийген бандит болгум келбейт". Ош ОИИБинин мурдагы кызматкери президентке кайрылды

 

Социалдык тармактарда ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Чубак Сыргабек уулу Ош ОИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов аны мыйзамсыз иштерди аткарууга буюруп, айтканын аткарбаган соң кысым көрсөтүп жатканын айтып президент Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусу тарады.

Ички иштер органдарында 11 жылдан бери иштейм. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине Жеңишбек Абитов келгенден тарта мыйзамсыз иштер байма-бай орун алууда. Өз кызыкчылыгы үчүн бизге буйрук берүүдө. Жетекчиликтин мыйзамсыз буйруктарын аткарбагандыгым үчүн кысымга кабылуудамын. Өз билгенин кылып мени кызматымдан мыйзамсыз четтетишти. Ош шаардык сотуна кайрылганымда “Мурдагы ээлеген кызмат ордуна орноштурулсун” деген чечим чыгарган. Бул жерде мен ханмын дегендей кылып, соттун чечимин дагы аткарбай жатат”, - деген ал.

Чубак Сыргабек уулу өлкө башчысына кайрылып "Эмнеге мен бирөөнүн баласына кутум уюштуруп, бирөөнү какшатып, форма кийип жүрүшүм керек?" деп суроо салган жана жетекчиликтин мыйзамсыз буйруктарын аткаргандан көрө формасыз жүргөндү артык көрөрүн кошумчалаган.






Видео интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: