super.kg logo

Өлкөдө окуучулардын ысык тамагы үчүн канча каражат бөлүнөрү айтылды

 

Бүгүнкү күндө республика аймагындагы мектептерде 1660 ашкана жана 653 буфет бар. 1-4-класста окуган 440 миң окуучу тамак-аш менен камсыздалат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак уюштурууга жыл сайын республикалык бюджеттен 590 миллион сомго жакын акча бөлүнөт.

"Учурда Орусиянын Тармактык тамактануу институту жана биздин департаменттин адистери менен биргеликте иштелип чыккан программа иштеп жатат. Анда балдардын тамактануу талаптарын, жергиликтүү салттарды, артыкчылыктарды жана аймактагы тамак-аштын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен 130дан ашык түрдүү тамактарды иштеп чыгышкан. Анын ичинен биринчи тамактын 36 түрү, экинчи тамактын 52 түрү, суусундуктун 11 түрү, кондитердик азыктардын 19 түрү жана салаттын 12 түрү бар.

Учурда пилоттук мектептердин 66 пайызы тамак жасоо үчүн этти, мектептердин 80 пайызы тамак-ашына сүт азыктарын колдонушат, пилоттук мектептердин кеминде 38 пайызында жумасына 4-5 жолу ысык тамак беришет, ар бир 4-мектепте башталгыч класстын окуучулары үчүн жума сайын салаттар берилет.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын колдоосу менен 1400гө жакын мектеп заманбап ашкана жабдыктары менен жабдылган, анын ичинде 22ден ашык жабдуулар бар. 1300дөн ашык мектептин ашпозчулары мектепте тамак жасоо технологиясы, санитария жана тамак-аш коопсуздугу боюнча атайын окуудан өтүштү.

Мындан тышкары Раззаков атындагы КМТУда ашпозчулар үчүн республикалык окуу компетенция борборун түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Аймактык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору калориялуулугу боюнча суткалык үлгүлөрдү тандоо, даяр тамактарды термикалык иштетүү жана тамак-аш азыктарынын ЕАЭБ талаптарына шайкештиги боюнча тамак-аш рационуна гигиеналык баа берүүнү жүргүзүшөт.

Ошондой эле оорулардын алдын алуу, ден соолукту коргоо жана чыңдоо жаатындагы белгиленген талаптарды сактоо боюнча декреттик контингенттерге гигиеналык окууларды өткөрөт", - деп жазылат департаменттин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: