super.kg logo

Кыргыз-казак айтышында 5 акынга атайын сыйлыктар тапшырылды (тизме)

 

Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-казак айтышында бир нече акынга Республикалык Айтыш фонду тарабынан 5 сыйлык тапшырылды.

Алар:

Казак акыны Биржан Байтуга Ашыралы Айталиев атындагы сыйлык жана 50 миң сом өлчөмүндө байге тапшырылды. Казак акыны Сырым Ауэзхан Эстебес Турсуналиев атындыгы сыйлыкка татыды, ошондой эле 50 миң сом байгеси да бар. Кыргыз акыны Чыңгызхан Кошошовго Тууганбай Абдиев атындагы сыйлык жана 50 миң сом байге берилди. Акматбек Султан уулуна Бексултан Жакиев атындагы сыйлык жана 50 миң сом байге тапшырылды. Элмирбек Иманалиев атындагы сыйлык Азамат Болгонбаевге ыйгарылды.

XV кыргыз-казак айтышы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Иш-чара Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Айтыштын финалдык бөлүгүндө 8 кыргыз акыны, 8 казак акыны таймашты. Жыйынтыгында баш байгеге Жеңишбек Жумакадыр менен казак акыны Айтпай Жумагулов ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: