super.kg logo

Кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды (видео)

 

Бүгүн, 31-августта Бишкекте өткөн эл аралык кыргыз-казак айтышында баш байге Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтпай Жумагуловго ыйгарылды. Эки төкмө акынга 350 миң сом өлчөмүндө кош байге тапшырылды.

1-орун:

Казак акыны Данияр Алдаберген; Кыргыз акыны Баян Акматов (200 миң сом кош байге).

2-орун:

Казак акыны Аспанбек Шугатаев; Кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо (125 миң сом кош байге).

3-орун:

Казак акыны Алтынбек Ибрагимов; Кыргыз акыны Асылбек Маратов (100 миң сом кош байге).

Мындан тышкары айтышка катышкан төмөнкү акындарга кызыктыруучу сыйлыктар (50 миң сом) тапшырылды:

Казак акындары: Сагыныш Смет, Биржан Байту, Сырым Ауэзхан, Мурадым Мирланов.

Кыргыз акындары: Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Акматбек Султан уулу, Чыңгызхан Кожошов.

Айтыш көргөн эл акындарды алдыга сүрөп, колдоп-коштоп отурду. Айтыштын жүрүшүндө заманыбыздын залкары Замирбек Үсөнбаевге Чыңгыз Айтматов атындагы төш белги тапшырылды. Ошондой эле залкар төкмө акынга "Талас облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Сыйлыкты президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары тапшырды.

Айтышка башкы прокурор Курманкул Зулушев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, өнөр адамдары жана жалпы айтыш сүйүүчүлөрү күбө болушту.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Эл аралык айтыш Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Байге фонду 3 миллион сомду түзөт.






Эл аралык кыргыз-казак айтышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: