super.kg logo

Сыймык Бейшекеевге "Кыргыз Эл артисти" наамы берилди

 

Бүгүн, 1-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардак наамы төмөнкү өнөр адамдарына ыйгарылды:

Айтыкеев Асанкожо Ароновичке – “Кыргызтелефильм” чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын жогорку категориядагы кинорежиссёру;

Апыев Талантбек Мамытовичке – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси;

Артыков Кадыралы Жусуповичке – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы;

Бейшекеев Сыймыкбек Токтогуловичке – эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык оюн-зоок борборунун артисти;

Жумалиев Бакыт Арстанбековичке – Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын режиссёру, артисти;

Иманалиев Зайнидин Сабитовичке – М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин комуз классы боюнча мугалими, Кочкор району, Нарын облусу;

Исмаилов Сапарга – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын жетекчиси;

Кочорбаева Жипариса Абдыкадыровнага – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Мамбетов Мурат Аваловичке – актер, режиссёр, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Нарбаева Алтынай Абдуллаевнага – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун маданият бɵлүмүнүн Б. Эдигеев атындагы “Ысык-Ата-Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин солисти;

Одуракаев Бусурман Кожокуловичке – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Рыскулов Асанбекке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;

Сейдракманов Назаркул Эшенкуловичке – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын артисти, манасчы;

Төрөбеков Чырмаш Топчибаевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти-вокалисти;

Уралиев Намазбек Келгенбаевичке – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классы боюнча улук окутуучусу;






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: