super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек деген норма жасалма"

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 5-декабрда аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөсү сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек деген норманы алып салууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев. “Жогорку билимдүү адамдарды айылдан табуу кыйын. Бар болсо да шайлоо комиссиясына бекер иштешпейт. Айылда жогорку билимдүүлөр мектепте, айыл өкмөттө иштегендер. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек деген бул жасалма норма. Мунун зарылчылыгы жок, татыктуу адамдар болсо орто билими менен деле комиссияга кире берсе болот”,- деди Текебаев.

 Талкууда депутаттар шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысы жана район, шаардагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жогорку билимдүү болушу керектигин айтышты. Муну демилгечи депутат колдой турганын билдирди. 

Исмаил Исаков айылдарда шайлоо комиссиясына жогорку билими жок, кызуу кандуу жаштар кирип алып, шайлоодо ызы-чуу чыгарбайбы деген кооптонуусун айтты. Буга Өмүрбек Текебаев “жаштар кызуу кандуу, ызы-чуу чыгарат дегенге кошулбайм. Жогорку билимдүүлөр деле жаңжал чыгарышы мүмкүн. Ал эмес биз, депутаттар деле кээде кызуу кандуулукка алдырып жатабыз го”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: