super.kg logo

Ош облусунун аймагында "Салам мектеп" аталышындагы иш-чара өткөрүлөт

 

Ош облусунун аймагында 1-25-сентябрь күндөрү "Салам мектеп" аталышындагы иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Иш-чаранын максаты мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө башталгыч класстын окуучулары арасында жол эрежелерин сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Иш-чарага Ош ОИИБинин кызматкерлери, райондук милициянын аймактык жана өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлору катышууда. Мектептерде облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 135тен ашык кызматкерлери иш алып барышат.

Ош облусунун аймагында 551 орто мектеп бар. Быйыл облустун орто мектептеринде 260 миңден ашуун окуучу билим алышат. Анын ичинен 30 миңден ашык жеткинчектер 1-класска кабыл алынып мектеп босогосун аттады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: