super.kg logo

"Толкундантчу учур". Кыргыз эстрада жылдыздарынын балдары мектеп босогосун аттаганда

 
Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнү. Бүгүн өлкөбүздөгү бардык мектептер эшигин ачып окуучуларды өзгөчө шаң менен тосуп алды.
Толкундантчу учур. Баланын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы ар бир ата-энени толкундантат. Бул жолу балдарын 1-класска алып барган жылдыздарды тизмектеп көрдүк.

"Музаман" тобунун солисти Алымкул Мамырбаевдин кызы Айбийке мектеп босогосун аттады. Ал борборубуздагы мектептердин биринде билим алат.

Ырчы, тамада Ирлан Таалайбековдун уулу да бүгүн 1-класска барды. Кызыгы, Алымкул Мамырбаевдин кызы экөө бир класска кирип, классташ болуп калышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын кичүү кызы Карина быйыл биринчи класска кирип, мектеп босогосун аттады. Ал Бишкектеги жеке менчик мектептердин биринде билим алат.

Ошондой эле ырчы Айнура Салахидинованын экинчи уулу Бекхан дагы мектеп босогосун аттады.

Ырчы Айпери Кубик кызынын тун уулу Даян дагы мектеп босогосун аттап, ата-энесин кубантып турган учуру.

Өзгөчө үндүн ээси, ырчы Каныкей дагы уулун биринчи класска алып барды.

Ырчы Анжеликанын үчүнчү кызы Айлин алгачкы ирет мектеп босогосун аттады. Айлин борбордогу жеке менчик мектептин биринде билим алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: