super.kg logo

"Мэр 100 миң сом байге коюп...". Нарын шаарында билим күнү кандай белгиленди?

 
1-сентябрь билим күнүнө карата Нарын шаарындагы орто мектептерде жаңы окуу жылынын башталышына карата салтанатуу иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептеги иш-чарага катышып, шаардыктарды бүгүнкү билим күнү менен куттуктап, жаңы окуу жылына жаңы ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал окуучулардын билим алуусуна өзгөчө шык берип, мэрдин кубогу үчүн мелдеш өткөрө турганын белгиледи.
"Билимдүү коом өлкөбүздү бийиктиктерге жетелеп, жаркын келечек курат. Билим-илимге кызыккан окуучулардын шык-жөндөмүн ачуу максатында байге фондуна 100 миң сом бөлүп, мэрдин кубогу үчүн мелдеш өткөрөм",- деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында миңге чукул бала мектеп босогосун аттап, 1-класска киришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: