Кыргыз-Казак чек арасындагы 3 өткөрүү пункту убактылуу иштебейт
Кыргыз-Казак чек арасында 3 өткөрүү пунктуна убактылуу чектөө коюлат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.
Өткөрүү төмөнкү убактарда токтотулат:
- 11:00дөн 13:00гө чейин “Ак-Тилек- унаа жолу” пункту;
- 14:00дөн 16:00гө чейин “Кең-Булуң-унаа жолу” пункту;
- 17:00дөн 20:00гө чейин “Токмок-унаа жолу” өткөрүү пункту.
Белгиленгендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.