super.kg logo

Айыл чарба министрлиги: "Кыргызстанда ун тартыштыгы болбойт"

 

Кыргызстанда ун жана дан эгиндеринин таңкыстыгы жаралбайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, калктын буудайга болгон жылдык керектөөсү бүгүнкү күндө 768 миң тоннаны түзөт.

"Өлкөнүн быйылкы көрсөткүчү 650 миң тоннаны түзүп жатат. Бул буудай тоют, кайра иштетүү жана үрөн үчүн арналган. Күтүлгөн көлөм ички суроо-талаптын 65-68 пайызын жаба алат. Былтыр бул көрсөткүч 40 пайызга жакын болчу”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ал эми буудайдын жетпеген бөлүгү Казакстан менен Орусиядан алып келинет.

Учурда материалдык резервдер фондунун кампаларында 2023-жылы себүү үчүн алып келинген 6,7 миң тонна жогорку түшүмдүү үрөн сакталып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: