super.kg logo

"Нукура кыргыз тою". Кыргыз Эл артисти Алтынбек Максүтов менен актриса Таалайкан Абазова тун кызын турмуш жолуна узатты

 

2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максүтов менен жубайы актриса Таалайкан Абазова тун кызы Айжанды турмуш жолуна узатты.

Таланттуу түгөйлөрдөн түзүлгөн үй-бүлө борборубуздагы тойканалардын биринде этно стилде той беришти. Тойду төкмө акындар Аалы Туткучев менен Акматбек Султан уулу куйкум сөздөрү менен куюлуштуруп ырдап алып барышты. Тойдун өзгөчөлүгү той кыргыздын улуттук куда жолугушуу, сөйкө салуу өңдүү салттарын театрлаштырышкан.

Ошону менен катар кыргыз элинин байыркы жашоосун чагылдырып тайган агытып, куш салуу өңдүү жөрөлгөлөр көрсөтүлгөн.

Ошондой эле той ээлеринен тартып келген конокторго чейин кыргыздын улуттук кийимдерин кийишкен. Дасторконго кыргыздын улуттук даамдары, тамак-аштары коюлган. Тойдо Бакай ата эки жашка ак батасын берди.

Ал эми кызына сеп катары жууркан-төшөктөрү менен кошо кыргыздын боз үйүн тартуу кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.09.2022. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тенирим Ак жалгасын! Бактылуу болушсун. Улуу Кыргыз Элим . Кошогонор когоруп. Алдынарды мал бассын,Артынарды бала бассын. (арабкулдукка чоголобо. Манкурт болбо. Озунду чоголотпо.)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: