Улуу Британиянын премьер-министри болуп Лиз Трасс шайланды
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс өлкөнүн премьер-министри болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, Лиз Трасс шайлоочулардын 81,3 миң добушун алган. Ал эми анын атаандашы, мурдагы каржы министри Риши Сунак 60,4 миң добуш алган.
Ошондой эле маалыматта эртең, 6-сентябрда Лиз Трасс жана Борис Жонсон Шотландияга барып, ханыша Елизавета II менен жолугушары айтылат. Анда Борис Жонсон премьер-министрлик кызматты расмий түрдө Трасска өткөрүп берет.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетерин жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.