"Тарыхый, маданий мурастар менен таанышуу максатында...". Кыргызстанга туристтик поезд келди






Өлкөгө Германиядан саякатчылар туристтик поезд менен келишти. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, туристтер өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастары менен таанышуу максатында келишкен.
"5-сентябрда туристтер тур үчүн жаңы түзүлгөн поезд менен өлкөгө келишкен. Иш-чаранын жүрүшүндө алар Боом капчыгайынын көркүнө күбө болуп, Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда болушкан.
Бүгүн, 6-сентябрда туристтик поезд Бишкек шаарына кайтып келди. Коноктор туристтик компания уюштурган программанын калган бөлүгүн көрүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Туристтер Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барышып, андан соң Германияга кайтышары айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.