super.kg logo

Жактоочу Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жөнөтүүнү суранды

 

Ала качуунун курмандыгы болуп, киши колдуу каза тапкан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жөнөтүүнү айыпталуучулардын биринин жактоочусу Назик Ажимаматова суранды. Бул тууралуу ал Канатбекованын жакындарына кенемте төлөө боюнча бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Сотто каралып жаткан отурумда айтты.

Дагы эки айыпталуучунун жактоочулары биринчи жана экинчи инстанциядагы соттун айыпталуучуга карата чыгарылган жаза өкүмүн жеңилдетүүнү суранды. Азыркы тапта судьялар өкүм чыгаруу үчүн сот залынан чыгып кетишти.

Буга чейин Токтакунов Биринчи Май райондук сотунун 100 миң сом өлчөмүндөгү моралдык зыяндын ордун толтуруунун максималдуу өлчөмүн 5 соттолуучуга бөлүп, ар бирин 20 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген чечимине нааразычылыгын билдирген. Анда ал ай сайын адам өлтүргөндүгү үчүн моралдык компенсацияга барабар өлчөмдө маяна алып жаткан соттордун мындай чечими “акылга сыйбай турган адилеттүүлүк” деген.

Эске салсак, Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде Бишкектин чок ортосунан бир нече жаран унаага күчтөп салып кетишкен. Эки күндөн кийин 7-апрелде Чүйдүн Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган унаадын кыздын сөөгү табылган. Кыздын сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилген.

Бишкек шаардык милициясы кызды уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген. Тергөөдө ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталган. Ал эми Айзаданы ала качууга көмөктөшкөндөр 6-7 жылга соттолушкан.

Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: