super.kg logo

Бишкекте 60тан ашык аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

 

Бүгүн Бишкекте социалдык келишим түзүүгө укук алган аз камсыз болгон жарандарга 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

"Ушул жылдын июль айынын ортосунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 292 миллион сом бөлүп, республика боюнча жалпысынан 2800 үй-бүлө менен социалдык келишимдерди түзүү жөнүндө токтомго кол койгон. Бишкек шаарына 350 үй-бүлөгө 35 миллион сом бөлүндү, бүгүнкү күндө 60тан ашык үй-бүлө сертификатка ээ болууда", - деди министр Базарбаев.

Аталган долбоор жылдын башында Кадамжай жана Жумгал районунда сыноо катары башталган. Азыр министрлик алган тажрыйбасын республика боюнча жайылтууда.

"Социалдык келишим" - бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Ага ылайык, аярлуу үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-планды иштеп чыгууга жардам берет.

Ошондой эле кесиптик же айыл чарба билимин, социалдык кызматтарды жана узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн насаатчылыкты камтыйт. Мындан тышкары киреше алып келүүчү иш-аракеттерди баштоо үчүн акчалай грант алышат.

Долбоор жакырчылыктын улуттук чегинен тышкары жашаган үй чарбаларына багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: