Күн ачык болот. 7-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 7-сентябрда республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 32...37;
Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25 ... 30;
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 29...34;
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 26...31;
Бишкек шаарында түнкүсүн 17…19, күндүз 34…36.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.