super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-СЕНТЯБРЬ: 128 жыл мурун манасчы Саякбай Каралаев туулган

 

Манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1922-1931-жылдары Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык советтерин башкарган. 1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда артист болуп иштеген.

Кичинесинен ырга, жомокко шыктуу болгон. Ал 1918-жылдан тарта Манас айта баштаган. Манас айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан.

Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" аттуу жана башка чыгармалары жарык көргөн.

Саякбай Каралаев "3 Эмгек Кызыл Туу", "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда 75 жаш курагында каза болгон.

7-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: