super.kg logo

Катуу жаан жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

 

Алдыдагы эс алуу күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жамгыр катуу жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдайт.

Маалымдалгандай, 11-12-13-сентябрда Чүй өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус, күндүз 20…25 градус болсо, Таласта түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 17…22 градусту көрсөтөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус, күндүз 23…28 жылуу болору айтылды. Бирок күн салкындайт.

Ысык-Көлдө абанын температурасы түнкүсүн 4…9 градус болсо, күндүз 18…23 градус жылыйт. Нарында күндүз 22 градуска чейин жылуу болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: