super.kg logo

Баткендеги чек арага жакын аймактарда кийин сатып алуу механизми боюнча ижарага берүлчү үйлөрдүн курулушу башталат

 

Баткен облусунун чек ара райондорунда кийин сатып алуу механизми боюнча ижарага берилүүчү турак жайлардын курулушу башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна уставдык капиталдын каражаттарынан 200 миллион сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоого жумшоо сунушталды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4, 14-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Буга катар Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн шарттары бекитилди.

Кабыл алынган чечимде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешине турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктоосу жана кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага алууга талапкер Баткен облусунун чек ара районунун тургундарынын тизмесин бекитүүсү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: