super.kg logo

Элчи Кайрат Осмоналиев Бакуда өткөн коргонуу продукцияларынын көргөзмөсүнө барды

 

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев ADEX эл аралык коргонуу продукцияларынын жана XIII Эл аралык "Ички коопсуздук, коргоо жана куткаруу жабдуулары" көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кайрат Осмоналиев билдирди.

"Көргөзмөнүн биринчи күнү 6-сентябрда болуп, ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди. Ошентип IV Азербайжан Эл аралык Коргоо көргөзмөсү ADEX жана XIII Эл аралык "Ички коопсуздук, коргоо жана куткаруу жабдуулары" көргөзмөсү эл аралык аскердик-техникалык кызматташтык тармагында эң акыркы үлгүдөгү куралдарды көрсөтүү жана жаңы келишимдерди түзүү аянтчасына айланды.

Азербайжандын Коргоо өнөр жай министрлигинин павильонундагы көргөзмө өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Министрликтин павильондорунда Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн коргонуу буюмдарын, ок-дарыларды, бронетранспортерлерди, жеңил жана оор аскердик техниканы түзүү, өндүрүү, өркүндөтүү, оңдоо, утилдештирүү, импорттоо-экспорттоо жана тышкы рынокторго сатуу үчүн жооптуу, акыркы жылдарда Азербайжанда өндүрүлгөн буюмдар көргөзмөгө коюлду.

Кызыктуу экспонаттардын арасында күжүрмөн чалгындоо техникасы, көп максаттуу, чалгындоо жана чабуул жасоочу учкучсуз учуучу аппараттар, ар кандай калибрдеги мылтыктар, инженердик жана башка аскердик техникалар бар", - деди Осмоналиев.

Белгилесек, көргөзмөгө жалпысынан дээрлик 30 өлкөдөн 200дөн ашык компания катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: