super.kg logo

Бийлик өкүлдөрү Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-сентябрь күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен жолугушту. Андан сырткары башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зиядин Жамалдинов жергиликтүү тургундар менен жолугушууга катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун беришкен. Жыйындын соңунда башкы прокурор түшкѳн арыздар боюнча юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде карала тургандыгын маалымдады. Айрым кызматтарга жеке сунуштарды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: