super.kg logo

Бийлик өкүлдөрү Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушту

 

Бийлик ѳкүлдөрүнүн Ош облусундагы эл менен жолугушуусу Өзгөн районунунда аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-сентябрь күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Өзгѳн районунун жашоочулары менен жолугушту. Андан сырткары башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зиядин Жамалдинов жергиликтүү тургундар менен жолугушууга катышты.

Жыйындын жүрүшүндѳ Өзгѳн районунун жыйынга келишкен жашоочулары жеке маселелери боюнча суроолорун беришти. Алар:
- Жеке компанияларга акчасын алдаткан жарандардын каражаттарын кайтарып берүү маселеси,
- Райондун айылдарындагы бейтапканага кошумча штат берүү (тѳрѳт кана үчүн);
- Кѳмүрдүн басын эки эсе жогорулатып алгандыгын жана баасын кѳзѳмѳлдѳѳ;
- Мал уурулар кармалганы менен сот кайтаруу боюнча чечимди кечиктирип жаткандыгы
- Эскилиги жеткен мектептерди ремонттоо;
-Турак жай куру үчүн бѳлүнгѳн жер тилкесин документтештирүүдѳгү кѳйгѳйлѳр;
-Жер үлүшүн ала албай жүргѳндѳрдүн маселесин чечип берүү;
- Киши ѳлтүрүү боюнча фактынын тергѳѳсү созулуп жаткандыгы кѳп суммадагы каржатынын кайтарылбай жатышы;
- Социалдык маселелер боюнча долбоорлорду колдоо маселеси жана башка социалдык маселелер айтылды.

"Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын жеринде тийиштүү кызматтар кабыл алышты. Ал эми жарандар тарабынан Өзгѳн райондук ички иштер бѳлүмү тарабынан каралып жаткан киши ѳлтүрүүнүн тергѳѳсү созулуп жаткандыгы боюнча маселе кѳтѳрүлдү.

Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттануулар болсо ар дайым кабыл алууга даяр экендигин жана ал багытта мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча тыкыр кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди", - деп жазылган маалыматта.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: