super.kg logo

Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги көмүр казуу иши менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Кара-Кече" көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдалды.

Билдирүүгө ылайык, Жапаров 10-сентябрда көмүр кенинин "Борбордук" участкасында болуп, өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен таанышып жана бир катар тапшырмаларды берди.

Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек. Бекитилген план боюнча, “Кыргызкөмүр” ишканасы 2 677,0 миң тонна көмүр өндүрүп, камдашы керек. Андыктан өндүрүштүк иштер толук көлөмдө жүргүзүлүп, көмүр ташуу үзгүлтүксүз болушу керек. Мындан тышкары карьерде коопсуздук эрежелерин сактоо, тоо-тек үймөгүнүн кесепетинен аварияларга жол бербөө маанилүү. Бул багытта “Кумтөр” ишканасынын тажрыйбасын пайдалансаңыздар болот, биз тиешелүү байкоочу шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүгө даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-августунан тарта Бишкек шаарынын ЖЭБине, ошондой эле калкка, бюджеттик мекемелерге көмүр ташыла баштаган. Ишкана күнүнө 5,5 миң тоннага жакын көмүр жүктөп жаткандыгы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: