Ырчы Алмаз Шаадаев 32 жашка толду




Заманыбыздын хит ырларынын аткаруучусу, ырчы Алмаз Шаадаев бүгүн, 11-сентябрда 32 жашка толду.
Ал Нарын облусунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, туулган күнүн өткөрүүнү пландабаганын билдирди.
"Куттуктап байланышканыңыздарга чоң рахмат. Мени жарык дүйнөгө алып келген апама ыраазычылыгымды билдиргим келет. Негизи шаан-шөкөттөн алысмын. Туулган күндү өткөрүүнү пландаган деле жокмун", - деди ырчы.
Белгилей кетсек, ырчы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм жана саякат бөлүмүн аяктаган. Ырчы «Жубайым», «Сен дегенде», «Арзуу», «Көлдүк кыз» жана башка популярдуу ырлардын аткаруучусу. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Sagyn.91

11.09.2022. 16:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперстан каякта калды. Сайт озгорулуп кетиптирго?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.