super.kg logo

Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилди

 

Ош шаарында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, социалдык жардамдын алкагында “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларына 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Аны тапшырууга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева катышып, социалдык жактан аярлуу жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп жатканын белгилешти.

“Бул долбоор министрлер кабинетинин социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү жөнүндө токтому менен ишке ашып жатат. Мында үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн активдүү аракеттерге үндөп, финансылык көз карандысыздыкка жетишүүсүнө көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүүнү көздөйт. Ошондой эле чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү багытын камтыйт”, - деп айтылат маалыматта.

Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы керектиги кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: