Сокулукта турак үй өрттөнүп, үйдүн ичинен 84 жаштагы улгайган аялдын жансыз денеси табылды
Сокулук районунда турак үй өрттөнүп, үйдүн ичинен 84 жаштагы улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Сокулук районундагы Дача Прогресс айылында катталган. Анда жалпы аянты 65 чарчы метр болгон эки кабаттуу турак үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрттү өчүрүү учурунда бөлмөнүн ичинен 1938-жылы туулган Р.Р.И аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.