Жашыл зонада. Өлкөдө бир жума ичинде 85 адамдан коронавирус аныкталды
5-сентябрдан 11-сентябрга чейин өлкөдө коронавирустун жаңы 85 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Алардын ичинен 66 адам амбулатордук дарыланууда болсо, 19 бейтап ооруканада.
Учурда республиканын бардык аймактары жашыл зонада. Акыркы аптадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
2022-жылдын 8 ай 11 күнүндө COVID-19дун 21 миң 172 учуру катталган, анын ичинде 19 миң 162 (90,3 %) учур лабораториялык түрдө жана 2003 учур (9,7%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.