Президент Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британия элчилигиндеги көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды





Президент Садыр Жапаров бүгүн ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу жеке көңүл айтуу үчүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигине барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, президент көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды.
"Садыр Жапаров Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын бириккен падышачылыгынын жана Түндүк Ирландиянын падышасы Карл III, падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана бириккен падышачылыктын жалпы элине чын ниеттен көңүл айтты", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 8-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.