super.kg logo

Жалал-Абадда 704-аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

 

Бүгүн, 12-сентябрда Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 704-аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы жана Чаткал окуясынын 22 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Шаардык мэриянын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин ардагерлери, ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев жана жоокерлердин жакындары катышты.

Аскер бөлүктүн 30 жылдык мааракеси менен калаа мэри Эрнисбек Ормоковдун куттуктоосун жана алдыңкы кызматкерлерге Ардак грамоталарын мэриянын кызматкери Чыңгыз Эшенов тапшырды.

Ошондой эле 704-аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын ичинен улгүлүү аскердик тартиптерин көрсөткөн аскер кызматкерлерин төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйлашты.

Белгилей кетсек, аскердик бөлүктөгү кызматкерлер коомдогу коопсуздукту сактоодо, табийгый кырсыктардан жабыр тарткандарга жана кылмыштуу топторду жок кылууда көмөк көрсөтүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: