super.kg logo

Сауд Арабия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр

 

Сауд Арабия падышачылыгы Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

"Алар өлкөбүзгө келүү менен анын инвестициялык потенциалы, улуттук ири долбоорлор жана эки тараптын кызыкчылыгына төп келген дагы башка багыттары менен жакындан таанышып чыкмакчы",- деп жазды Марипов.

Аталган жумушчу топтун иш сапары боюнча Сауд Арабия падышалыгынын инвестиция министринин орун басары Бадр бин Ибрахим Аль-Бадр менен болгон жолугушууда макулдашылган. Андан сырткары жолугушууда алдыда боло турган кыргыз-сауд бизнес форуму жөнүндө жана эки тараптуу ишкерлик кеңешин түзүү тууралуу да сүйлөшүлгөн.

Марипов кошумчалагандай, эки өлкөнүн энергетика, айыл чарба, логистика, туризм жана башка көптөгөн тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн потенциалдары абдан чоң.

"Биргелешкен долбоорлордун бир бөлүгү ишке ашырылып жатат. Ошондой эле бул арада Сауд Арабия тарап өзүн ишенимдүү өнөктөш жана инвестор катары көрсөтө алды", - деди Улукбек Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: