super.kg logo

Орусиянын абактарында 968 кыргызстандык бар. Аларды экстрадициялоо үчүн эмне кылуу керектиги айтылды

 

Орусияда соттолгон Кыргызстандын жарандарын жасаган кылмышынын оор же жеңилине карабай бардыгын экстрадициялоо мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Анда эл өкүлү Жанар Акаев Башкы прокуратуранын өкүлүнө “Чет жакта соттолгон мекендештерибизди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү (экстрадициялоо) жеңилдетүү боюнча Орусия менен көбүрөөк иштешибиз абзел. Орусиядагы биздин жарандарга бул тууралуу жеткиликтүү маалымат берилиши керек, которуу бекерби, кандай шартта экстрадициялоо мүмкүн?”, - деп суроо салды.

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматов экстрадициялоо үчүн соттолуучунун өзү же ата-энеси, бир туугандары Башкы прокуратуранын сайтына электрондук арыз жазышы керектигин, ошол арыздын негизинде андан аркы иш жүрө турганын айтып, жасалган кылмыштын түрүнө карабай бардыгын которуу мүмкүндүгүн жана аларды Кыргызстанга которуу процедурасы жарандар үчүн бекер экендигин белгиледи.

Акаев элчилик былтыр эле 1 450дөн ашык адам Орусияда абакта деп маалымат бергендигин айтып, “Азыр сиз алардын саны 500дөн ашуун адамга азайгандыгын айттыңыз, алардын саны экстрадициялоодон улам кескин кыскардыбы же жазасын өтөп бүткөндүктөнбү?, - деди.

Башкы прокуратуранын өкүлү азыркы тапта расмий маалымат боюнча Орусиянын абактарында 968 кыргызстандык жаран бар экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: