Нарында Кызыл китепке кирген кушту кармап алган браконьерлер кармалды
Нарын облусунун Аксай өрөөнүндө браконьерлер Кызыл китепке кирген бир ылaaчын жырткыч кушун жана беш көгүчкөн кармап алганы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришет.
Маалым болгондой, рейд учурунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору Mitsubishi Montero Sport үлгүсүндөгү унааны токтоткондо алар качып кетүүгө аракет кылышкан.
Алардын унаасын тинтүү учурунда Кызыл китепке кирген бир ылaaчын жырткыч кушу жана беш көгүчкөн табылган. Жеринде акт түзүлүп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.