super.kg logo

Ош шаарындагы Бакыт үйү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарындагы Бакыт үйү капиталдык оңдоодон кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары Элиза Эсеналиева, "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" уюмунун жетекчиси Азизбек Ашуров, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.

Биринчи вице-мэр өз сөзүндө Бакыт үйү мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен быйылкы жылы оңдоодон өткөрүлгөнүн белгиледи. Бул имарат 1971-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоо иштери болгон эмес. Жаңыланган имараттын ички бөлмөлөрү заманбап жасалып, сырты көрүнүшү да жакшыртылды. Көп кабаттуу үйдүн фасады боёлуп, имараттын алдына асфальт төшөлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүрдү. Алдыда шлагбаум коюлат. Бул иштерге жалпысынан 8 миллион 500 миң сом акча каражаты жумшалды.

Элиза Эсеналива жана Азизбек Ашуров Бакыт үйүн жана айланасын оңдоо иштери үчүн мэрге ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө баш кошкондоруна 50 жыл болгон жубайларды куттукташып, жаңы үйлөнүп жаткан түгөйлөргө нике күбөлүктөрү, ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Ошондой эле келгендер үчүн этно фуршет уюштурулду.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Ош шаарында баш кошкондордун саны 2819 болсо, 2022-жылдын 8 айында 1708 жуп каттоодон өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: