"Кумтөр" ишканасын текшерүүнүн жыйынтыгында 3 кылмыш иши козголду
Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, Башкы прокуратура "Кумтөр" ишканасын текшере баштаган. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, болжол менен мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.
Белгилей кетсек, "Кумтөр" толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.