super.kg logo

Эмгек министри Орусиянын ички иштер министри менен жолугушту. Талкууланган маселелер

 

Кечээ, 12-сентябрда эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, анда миграция чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

"Андан ары министр Базарбаев, Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору К.Акматбеков менен Орусия Федерациясынын ички иштер министринин биринчи орун басары А.Горовой жана Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы В.Казакованын кеңири сүйлөшүүлөрү болду.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз жарандарын Орусияда жүрүүсүнө жана алардын миграциялык каттоого туруу тартибине байланышкан көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Кыргыз тарабы Орусия Федерациясынын аймагында Кыргыз жарандары үчүн эки тараптуу жолугушуулардын алкагында жана ЕАЭБде Тышкы иштер министрлиги тарабынан демилгеленген миграциялык жол-жоболорду жакшыртуу максатында жогоруда аталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Орусия тарабы кыргыз тарабынын сунуштарын эске алып, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашууга жетишти", - деп жазылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: