super.kg logo

Кадамжайдагы өспүрүмдүн өлүмү: Искендер Матраимов аймактык милициянын жетекчисин кызматтан алуу талабын койду

 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматтары угулду. Жыйында депутат Искендер Матраимов аймактык милициянын жоокерчилиги каралып жатканына кызыкты.

"Учурда кылмыш катталган жердеги участкалык милиция жана анын жетекчисинин жоопкерчилиги каралып жатабы?" деп суроо узатты.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, кылмышка шектелип кармалган 4 жарандын бири 18ге чыга элек. Калганы 25, 26 жаштагы жарандар. Ошондой эле алар мурда соттолбогон жана милициянын каттоосунда турбайт.

"Кылмыш күндүзү, саат 11-12 чамасында болгон. Биздин кызматкерлер ар бир жарандын үстүнөн карап турганга дагы мүмкүнчүлүгү жок. Бирок азыркы учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Анын негизинде участкалык инспекторлор, ыкчам кызматкерлер жана жетекчиси жөнүндө чечим кабыл алынат", - деп жооп берди Абдиев.

Эл өкүлү участкалык инспектордун жана райондук милициянын милдеттерин ИИМ өкүлүнөн сурады.

"Бул жерде аларды акта деп айтып жаткан жерим жок. Ошол жердеги участкалык инспектордун милдети жана райондук милициянын милдети жөнүндө гана сурап жатам", - деди ал.

"Милдети кылмыштуулуктун алдын алуу. Кылмыштын бетин ачуу", - деп жооп кайтарды Абдиев.

"Кылмыштык иликтөөнүн кандай кереги бар? Бүгүнкү күндө факты ошол жерде болуп жатса. Жашы жете элек кыз өлүп жатат. Аны 4 жаран өлтүрүп жатат. Анан дагы кандай иликтөө жүргүзөсүңөр? Бүгүнкү күнү участкалык инспекторду, аймактык милициянын жетекчисин кызматтан алыш керек эле. Антпесе бизде тартип орнобойт. Сиз милиция кызматкерлеринин жактоочусу болуп жатасыз. Качан гана бизде темирдей тартип болуп, кадр саясатын туура жүргүзгөндө гана мына ушундай иштер токтойт", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.09.2022. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аймактык милиция кайсы биринин артынан журсун, алдагы адам сымал айбандардын жазасын кудай берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: