Бишкек шаарында талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынууда







Бишкек шаарында талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин күчөтүүдө.
"Бүгүн, 14-сентябрда Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнөн баштап Киев-Манас кең көчөсүнө чейин алуу иштери жүргүзүлүп, 45 жарнамалык штендер, 7 жарнамалык пано, 19 жарнамалык баннер алынды. Бул багыттагы иштер улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.