super.kg logo

Самаркандек айылында ок атышуу токтоду. Бирок Баткенде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат

 

Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде саат 16:00гө карата кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.

Кабарлангандай, “Самаркандек” чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык айылында ок атышуу токтоду.

Бүгүн эртең мененки саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда.

"Саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Эки тараптын сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланары күтүлүүдө.

Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.09.2022. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тактап не кылат. ? Көрүнүп эле туратко. Элди кыйнап бүтмөй болдуго...
14.09.2022. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы саткыла,тажибайларга ар нерсе. Алардын мөмө-чөмөлөрүн бекитип алып келип дагы саткыла. Адамдарын крышавать этип алып келип иштеткиле. Мына рахматы,силерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: