super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-СЕНТЯБРЬ: Орусиянын 3-президенти Дмитрий Медведев туулган

 

Орусиянын 3-президенти Дмитрий Медведев Ленинградда мугалимдин үй-бүлөсүндө 1965-жылы 14-сентябрда туулган. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгон Дмитрий 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1990-жылы болсо ошол эле университеттин аспирантурасын окуп, аяктаган.

Эмгек жолу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде атуулдук укук боюнча кафедрасында мугалим болуудан башталган. Ошондой эле Орусиянын президентинин администрация башчысынын орун басары, анан ошол эле жерде биринчи орун басар, кийин "Гаспром" ОАОнун жетекчилигинде иштеп, 2003-жылы Орусиянын президентинин администрация жетекчилигине дайындалган. 2005-жылы ноябрда Орусия өлкөсүнүн өкмөт башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, 2008-жылы 2-мартта Орусия мамлекетинин президенти болуп шайланган. Президенттик мөөнөтү 2012-жылдын 7-майында аяктап, 2012-жылдын 8-майынан тартып Орусиянын өкмөт башчысы болуп ишин уланткан.

Санкт-Петербургда балалыгы өткөн Дмитрий Медведевдин хоббиси рок-музыка болуп, Deep Purple, Black Sabbath жана Led Zeppelin өңдүү рок группалардын альбомдорун чогулткан.
14-сентябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: