super.kg logo

Чек ара кызматы: "Тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар ок атканы тынчсызданууну жаратат"

 

Тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматында айтылат.

"Айрыкча тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Ошол эле учурда тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланган болчу. Облус башчысы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, ок атышуу токтогонун билдирген. Бирок андан көп убакыт өтпөй эле кайрадан ок атыла баштаган.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Ок атышуунун кесепетинен 4 Кыргыз жараны жаракат алды. Учурда жеринде сүйлөшүүлөр жүрүүдө.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.09.2022. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга ашынган исламчыл топтор кол салганы калдыбы. Булар келсе, жанагы бизде араң эле жүрүшкөн радикал исламчылдардын отуна май тамызат окшойт
14.09.2022. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул тажиктерди кудайым бир тартипке салып койсо экен!Тынч жаткан элди кыйнашты
14.09.2022. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен түшүнбөдүм, ошондо булардын сакалчан гражданскийлери дагы өз аскерлерине кошулуп биз менен атыша береби? анда бизге дагы курал бергиле, көрүнгөн тээжикти аткылап ойнойлу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: