Бишкекте окуучу мектептин экинчи кабатынан секирип кетти. Учурда ал ооруканада
Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу мектептин 2-кабатындагы терезесинен секирип кетти. Маалыматты шаардык мэриядан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, окуя кечээ, 14-сентябрда катталган. Окуучуга алгач "Тез жардам" кызматы жардам көрсөтүп, андан соң шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя эне менен баланын ортосундагы пикир келишпестиктин айынан чыккан.
Учурда окуучу ооруканада дарыланып жатат. Аталган окуя боюнча ички иликтөө иштери башталды. Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.