super.kg logo

"Жылуулук тармагын оңдоо иштери дээрлик 70 пайызга бүткөрүлдү". Борбор калаа жылытуу мезгилине даярдык көрүүдө

 

Борбор калаа кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана масштабдуу ишембилик өткөрүү боюнча жыйында айтылды.

Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин маалыматы боюнча, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тарабынан 62 откана даярдалып, 4 откананын оңдоо иштери жакынкы аралыкта бүткөрүлүп, жылуулук тармактары 40 пайызга оңдолду. «Бишкекжылуулуктармагы» филиалы тарабынан жылуулук тармактарын оңдоо иштери 67 пайызга, жылуулук тармактарынын капиталдык курулушу 71 пайызга, үй ичиндеги тармактарды алмаштыруу 71 пайызга аткарылган.

Мэр борбор калаанын акимчиликтерине МАБ менен биргеликте 17-сентябрда өтө турган жалпы шаардык ишембиликке шаардыктарды, чарбалык субъекттерди тартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле борбор калаанын мэри коммуналдык кызматтарга келерки кышка өз убагында жана сапаттуу даярданууну, бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: