super.kg logo

Кыргыз-Кытай өлкө башчыларынын жолугушуусунда бир катар документтер кабыл алынды

 

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Кытай лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

  1. Кытайдын өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

  1. Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

  1. Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

  1. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстандын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: